|
карай
|
|
I жанд. Көздөй, карата. Колду баштап, Мендирман жоону карай жөнөдү (Жантөшев).
КАРАЙ II этиш. 1. Кара болуу, кара түскө айлануу, караруу. Жаткан жеринин кары эрип, Карайып, кургап да калат (Шүкүрбеков).
- 2. Кара болуп көрүнүү, карарып дүмпүйүп, калың болуп көрүнүү. Карайган дарак чарбагым, Карааның көрбөй зарылдым (Токтогул).
- 3. өт. Абдан ачуусу келүү, кыжыры кайноо. Карайды жаныч ушундай, Каныма тоюп жутса да (Токтогул).
¨ Каш караюу — күүгүм кирип, көз байлануу, караңгы түшүү. Каш карайгыча [Бектендикинен] эл аягы үзүлгөн жок (Байтемиров). Өзөгү караюу — абдан ачка болуу, кургагы ачуу.
|