Меню
Эл-Сөздүк

имер

этиш 1. Кайруу; кайрып бир жерге топтоо; чогултуу. Үч-төрт бала жылкыны имеришип чапкылашат («Жаш ленинчи»). Оттуу жерге имерип, Кырааны карт жылкычы (Үмөталиев).
  1. 2.                  Жакындатуу, өзүнө тартуу, үйүр алдыруу. Даша Жийдегүлдү бат эле имере тартып, абдан тааныш эмелерче сүйлөштү (Сасыкбаев).
  2. 3.                  Толгой тартуу, толгой тартып жиберүү; толгой кармоо, чыйратуу. Кыпкызыл болгон шиш темир кармап колго имерди («Эр Төштүк»). Акын көзүнө жаш алып, апаппак болгон мурутун имерди (Бөкөнбаев).
  3. 4.                  Буруу. Шофёр менин пикиримди билгендей машинасын чайканага имерди (Аалы).
  4. 5.                  Айланчыктап байкоо. Арстан Манас баатырды, Аз имерип сындап өт («Манас»).

¨ Имере кароо — айландыра кароо; көз жүгүртүү. Түлкүбек көлдүн айланасын имере карады (Жантөшев). Ал дүрбүсүн эчен имерип карады (Жантөшев). Көзүнөн жаш имерүү — көзүнөн жаш кылгыруу, көзүнө жаш келүү. Көңүлү чалкып карт ырчы, Көзүнөн жашын имерди (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: