|
ил
|
|
этиш 1. Асуу, асып коюу, кыстаруу, кыстарып коюу. Алыска атар Аккелте Айдалыга илди эми («Манас»). Чаргын чылбырын кырчоого иле салды (Сыдыкбеков).
- 2. Каалганын илгичи сыяктуу нерселерди чагарагына же ылайыкталган жерине өткөрүп коюу, бекитип коюу. [Ызакул].. балдарды төркү үйүнө киргизип, каалгасын илип, жашыруун сүйлөштү (Шүкүрбеков).
- 3. Шап кармап кетүү, шамдагайлык, ылдамдык менен кармап алуу. Канатын каккан карчыга Көлдө жаткан каздарды Кайрылып келип илбейби («Олжобай менен Кишимжан»).
- 4. Кабыл алуу, айтылган сөздү дароо кабыл алуу, кармап калуу. Атасы менен Бөкөндүн Айтып жаткан сөздөрүн Назарына илген жок («Саринжи — Бөкөй»).
¨Көзүнө илбөө к. көз. Кулакка илбөө — укпоо, тил албоо, тоотпоо.
|