Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: escalation кожа
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - жүрөк
 

жүрөк

 
жүрөк, жүрөгү, жүрөккө
жүрөгү айлануу
жүрөгү айнуу (айлануу)
жүрөгү айрылуу
жүрөгү ак
жүрөгү алып учуу
жүрөгү ачышуу
жүрөгү даабоо
жүрөгү жаралуу
жүрөгү жибүү
жүрөгү жок
жүрөгү жылуу
жүрөгү кабынан чыгуу
жүрөгү муздоо
жүрөгү оозуна тыгылуу
жүрөгү өлүү
жүрөгү сыздоо
жүрөгү тоо
жүрөгү түпөйүл
жүрөгү түшүү
жүрөгү үшүү
жүрөгү элжирөө
жүрөгүн алуу
жүрөгүн өйүү
жүрөгүн өлтүрүү
жүрөгүн түшүрүү
жүрөгүн чабуу
жүрөгүндө жалы бар
жүрөгүндө кара жок
жүрөгүндө кири жок
жүрөгүндө оту бар
жүрөгүнө тийүү
жүрөгүнө чок салуу
жүрөгүнүн сары суусун
алуу
жүрөк аритмиясы (мед.)
жүрөк заада
жүрөк заадалык
жүрөк кабы
жүрөк кан тамырлары
жүрөк клапандары
жүрөк көтөрүү
жүрөк кысма (мед.)
жүрөк мончок
жүрөк муунтма (астма)
жүрөк токтотуу

жүрөк

 
зат.. 1. Кан айлануу жолдорунун борбордук органы болгон булчуңдуу баштыкча. Жүрөгүн тыңшап оорунун, Жылмайып доктор сүйлөдү (Бөкөнбаев). Жүрөк оорусу.
2. өт. Негизги борбор, бүткүл бир системаны кыймыл-аракетке келтирип турган кыймылдаткыч күч. Кызыл Москва, таалай нурун таратып, Кең мекенге жүрөк болуп турасың (Шамшиев). Жер жүрөгү Москвадан, Күүлөр ширин тартылат (Бөкөнбаев). Буу казандарын кайнатуучу цех фабриканын жүрөгү (Сасыкбаев).
¨ Жүрөгү түшүү—1) абдан катуу коркуу. Күланда экөөбүздүн жүрөгүбүз түшүп кала жаздады (Жантөшев). 2) катуу коркуудан болгон баланын оорусу. Жүрөккө тийүү — тажатуу, бир нерсени көргүсү келбей калуу. Көп жол жүрүп жүрөгүнө тийген. Жүрөгү оозуна тыгылуу к. ооз. Жүрөгүн алуу — биротоло коркутуп алуу, кайратын качыруу. Бу жүргөн журттун баарысын Жүрөгүн алып болтурду («Манас»). Жүрөк заада болуу к. заада II. Жүрөк айнуу — кускусу келүү. Ай, үйдө ким бар?.. Чылапчын алып чык, жүрөгүм айнып кетти! (Байтемиров). Жүрөгү өлүү — абдан коркуп калуу, жалкып калуу, бир нерсени экинчи кайталабас болуу, көңүлү калуу. Мен маалимге жемелетип баламдын жүрөгүн өлтүрө албайм (Сыдыкбеков). Эр жүрөк — баатыр, эч нерседен тайманбаган. Эр жүрөк адам. Жүрөгү от — кайраттуу, тайманбас эр. Жүрөгүндө кара жок к. кара III. Бок жүрөк — коркок, кайратсыз. Жүрөгү даабоо — коркуу, кайрат көрсөтө албоо. Суу жүрөк к. суу I. Ак жүрөк — ак ниет, адилет. Адам болсо ак жүрөк, адал көңүл, Ага кызык эмес акылсыз өмүр (Шүкүрбеков). Кара жүрөк — ниети бузук, карасанатай, душман. Кара жүрөк Канчоро Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Жүрөк шуу дей түшүү к. шуу II. Эт жүрөк — адамдын башынан өткөргөн жакшылык-жамандык сезимдери топтолгон символ. Энеден эрте муңдуу эт жүрөгүм, Эзилди жакшылыктан үмүт кылбай (Абдыраманов). Чагылды кош көзүнө менин көзүм, Чыдады жарылбастан эт жүрөгүм (Абдыраманов). Таш жүрөк — кайраттуу, тайманбас, баатыр. Жолборс билек, таш жүрөк, Жоодон корккон жан эмес («Манас»). Төртүнчү баатыр таш жүрөк, Баатырлык менен эл сүрөп (Тоголок Молдо).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжүрөк
Көптүк санжүрөктөр
Синонимдери
жүрөкчө
Жөндөлүшү - "жүрөк"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жүрөк
Илик Кимдин? Эмненин?жүрөктүн
Барыш Кимге? Эмнеге?жүрөккө
Табыш Кимди? Эмнени?жүрөктү
Жатыш Кимде? Эмнеде?жүрөктө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жүрөктөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жүрөктөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жүрөктөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жүрөктөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жүрөктөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жүрөктөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жүрөктөрдөн

Найти все переводы слова "жүрөк" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "жүрөк"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru