даакы зат. 1. Жаныбарлардын түлөп түшө элек жазгы жүнү. Жаздын күнү тай-кулун, Даакыларын түлөткөн (Осмонкул). Даакысы түшө элек ит. 2. өт. Самсаалаган, самтыраган эски кийим, төшөнчү. Эрдигим кетти колумдан, Төштүк, Даакым түшпөй жонумдан, Төштүк («Эр Төштүк»). Даакысы чубалган эски жаман жууркан.