|
быш
|
|
I этиш. 1. Кайноо, кууруу, отко какталып ысык өтүү ж. б. аркылуу жешке жароо, жешке даяр болуу. Эт бышып, колгосуу куюла баштаган кез эле («Ала-Тоо»).
2. Өсүмдүктөр жетилип, жешке, оруу жыюуга ж. б. даяр болуу. Алма бышты. Коон-дарбыз бышты.
3. өт. Такшалуу, жетилүү, үйрөнүү, маш болуу. Күрөштө жедеп бышкан балбан колдор Турмуштун дарбазасын ачкан тура (Турусбеков). Жумушка бышкан бала. Турмушка башы бышкан.
♦Күйүп-бышуу к. күй II.
БЫШ II этиш. 1. Кымызга жаңы сүт куйганда же майды бөлүп алууда бишкек менен ургулоо, ургулап аралаштыруу. Сүттү сабага куяры менен алмак-салмак бышышат (Аалы).
2. Саюу. Найзалап бышып өлтүрдү, Арачачы энемди («Мендирман»).
БЫШ III: быш-быш —дем алганда, демиккенде, жел чыкканда пайда болгон бышылдаган дабыш. Быш-быш эткен мурдуң эчтеменин жытын сезбейт («Чалкан»).
♦Быш этпөө — тоотпоо, сезип да койбоо.
|