БЕЙИШ |
Турпагы жыпар, суусу бал Бейиштин жайын угуп ал. Көхар болор көз учкан Бейишке чыккан терек, тал. Уксаң сонун ушу деп Нурдан болор кушу деп, Лайли жакут сарайы Буга кирип кете албас Мусулмандын далайы. Шол бейиштин жемишин Бу дүнүйөдө ашасаң, Өлбөй миң жыл жашасаң, Бузулбас эле калыбың. Миң жыл жүрсөң наарсыз, Ачпас эле карының (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 828-829-б.). Андан ары «Шейиттердин жайы деп, Сегиз бейиш жаралганы» айтылат . Ислам дини боюнча шейит кеткен адамдын жаны эч суроосопкутсуз эле Б-ке барат деп эсептелинет. Б. жана тозок жөнүндөгү түшүнүк башка варианттардан да орун алган. Алардын айрымдарында Б-ке элдик атеисттик көз караштан баа берилип, ага элдин анча ишене бербестиги көрсөтүлөт. Чоң казат аяктап калганда, эл эсебин алышса, кыргыз колунан Төштүк менен Чубак жок болуп чыгат. Манас санаага батып, кол ал түнү жатып калат. Эртеси таң ата «дин мусулман баарысы» багымдат намаз окуй баштаганда, Нескараны баш кылып, кытайдын кырк төрөсүн байлап алып айдап келе жаткан Чубак көрүнөт. Намазын бузуп барбалактап тура калган Манас: Аппак кожо — Айкожо Кереленип каласың Кечке окуу саласың Бейишиңди өзүң ал, Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155). Мындан Манастын өзү деле дин жолунда жүргөнү менен ага болгон кайдыгер мамилеси байкалат. Ы. Кадыров |
бейиш |
|
Бейиш |
|
бейиш |
♦ Бейиши болгур — өлгөн адамдарды эскергенде, ал жөнүндө кеп кылганда урматтоо, сыйлоо иретинде айтылат. Атам, бейиши болгур, тирүү кезинде ушул жайлоону жайлачу экен. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | бейиш |
Множ. число | бейиштер |
Склонение по падежам - "бейиш"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | бейиш |
Родительный Чей? | бейиштин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | бейишке |
Винительный Кого?, Что? | бейишти |
Местный Где?, У кого? | бейиште |
Исходный Где?, У кого? | бейиштен |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | бейиштер |
Родительный Чьи? | бейиштердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | бейиштерге |
Винительный Кого?, Что? | бейиштерди |
Местный Где?, У кого? | бейиштерде |
Исходный Откуда?, От кого? | бейиштерден |
Найти все переводы слова "бейиш" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "бейиш"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
бейиш