-
АЯР
-
АЯР — эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
И. Молдобаев
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | аяр |
Множ. число | аярлар |
Склонение по падежам - "аяр"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | аяр |
Родительный Чей? | аярдын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | аярга |
Винительный Кого?, Что? | аярды |
Местный Где?, У кого? | аярда |
Исходный Где?, У кого? | аярдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | аярлар |
Родительный Чьи? | аярлардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | аярларга |
Винительный Кого?, Что? | аярларды |
Местный Где?, У кого? | аярларда |
Исходный Откуда?, От кого? | аярлардан |
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
аяр