аста такт. Акырын; абайлап; шашпай, жай, секин. Алышууга белсенип, Аста басып барганы («Манас»). Азамат болуу аста-аста, Айбан болуу бир паста (Шүкүрбеков). Аста-секин аяңдап, Аркамдан келгин сен, балам («Семетей»).