арым зат. 1. Кадам, арыш, адым. Ак жалдын каруусу кетип, уламдан-улам анын арымы кыскарды (Жантөшев). Уландар... арымдарын кере таштап, алга жөнөп калышты (Жантөшев). 2. Алга жөнөөчүлүк, илгерилөө. Радио менен телевидениенин келечеги етө кең, арымы абдан чоң («Кыргызстан аялдары»).