|
алдаста
|
|
этиш.1. Катуу ооруганда эти ысып-күйүп жан талашуу, чабалактоо, чабалактап ооналактоо. Алдастап эс-учуңду билбей жаттың (Шүкүрбеков).
- 2. Шашуу, шашкалактоо, карбаластоо, тынчы кетүү. Бир сөздөн жыгылып өзүн айыптуу сезгенде [Мурат] алдастап калуучу (Байтемиров). Жолбунов мукактанып, эч деме дей албай алдастап калды (Убукеев). Жүрөк алдастап турат.
- 3. өт. Күрпүлдөө, буркан-шаркан түшүү. Алдастап мөңкүп, оргуштап, Сай жайнап суулар каргенде (Бөкөнбаев).
|