Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - айлан
 

айлан

 
этиш. 1. Белгилүү бир точканын айланасында жүрүү, айлана-тегерек боюнча жүрүү, учуу, өтүү, тегеренүү; кыдырып чыгуу. Г. С. Титов «Восток-2» корабль-спутниги менен жер шарын 17 жолу айланып чыкты («Советтик Кыргызстан»). Асман менен айланган Канаттуулар бир сонун (Бөкөнбаев). [Актан].. бири-биринен оолак салынган үч көчө кыштакты айланып чыкты (Бейшеналиев).
2. Өз огунда тегеренүү. Айланат көзгө илинбей станоктор (Бөкөнбаев). Күркүрөп мотор айланды Тетигин Сырга басканда (Бөкөнбаев).
3. Курчоо, тегеректеп алуу. Алтын Ош шаарымды, Алты айланып алыптыр («Курманбек»).
4. Кайрылуу, кайрылып келүү, кайта баруу. Эми кайра айланып Үч-Дөбө аркылуу барыш үчүн эки-үч күн керек (Жантөшев). Ат айланып казыгын табат (макал).
5. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка өтүү, өзгөрүп кетүү. Кыштак чакан шаарга айланган (Сыдыкбеков). Кичинекей өндүрүш чоң булгаары заводуна айланды (Сасыкбаев).
6. Белгилүү бир өлчөмгө, орточо санга жетүү; боло баштоо. Аны кошкондо 40 гектардын түшүмү 30,5 центнерден айланат (Убукеев).
7. Белгилүү бир убакыт өтүү, толуу. Жыл айланды. Ай айланбай кайра келип калды.
8. Жакшы көргөндүгүн, сүйгөндүгүн билдирип жалынуу, жалбаруу; жакшы
көрүү, эркелетүү. Алдейлеп мени өстүргөн Айланамын кыргыздан (Бөкөнбаев). Адамзат болсун эркем деп, Айланып апам күлгөн жер (Аалы).
9. Курмандыкка туш келүү, садага кетүү («куруп калсын» деген мааниде). Терменин башы арактан Айланып кетсин тамактан (Шүкүрбеков).
Айлан көчөк — балдардын бир орунда туруп тегеренип ойноочу оюну. Айлан көчөк болуу — баш айлануу, жер тегеренгендей, астын-үстүн болгондой болуп көрүнүү. Башы айлан көчөк болуп, денеси шалкайды («Ала-Тоо»). Ичинен кара кыл айланбоо же ичинен кара таруу айланбоо — ичи тардык кылуу, көрө албоо. Жүрөгү айлануу — жийиркенүү, кускусу келүү. Көздүн кареги менен же агы менен тең айлануу — ою менен, дегени менен болуу; бирөөгө толук көз каранды болуу, бирөөнүн таасиринде болуу. Көңүлү айлануу — өзүн начар сезип, кускусу келүү. Башы айлануу — 1) башы тегеренүү, өзүн начар сезип, көзү караңгылоо, алсырап кетүү. Табылды катты окуп, башы айланып, кеңгиреп жыгылды («Эр Табылды»).; 2) маң болуу, эмне кыларын билбей калуу. [Андрей].. кайда басарын, [үйүн] кимден сурарын билбей башы айланды (Сасыкбаев); 3) өт, мактанып, менменсинип кетүү.

айлан-

 
айлан-, айланба-, айланган
айланып-кагылып
айланып-үйрүлүп
айланып-толгонуп

Найти все переводы слова "айлан" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "айлан"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru