|
Эскирүү мөөнөтү
|
|
ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮ – кылмыш-жаза укугундагы институттардын бири, белгилүү убакыт, анын өтүүсү менен сот адилеттигинен качып жүрбөгөн адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. КР кылмыш-жаза мыйзамына ылайык, кылмыш жасалган күндөн тартып төмөндөгү мөөнөттөр өткөндө адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат: а) анча деле оор эмес кылмыш жасалган күндөн тартып 2 жыл өткөндө; б) оордугу азыраак кылмыш жасалган күндөн тартып 5 жыл өткөндө; в) оор кылмыш жасалган күндөн тартып 10 жыл өткөндө; г) өзгөчө оор кылмыш жасалган күндөн тартып 15 жыл өткөндө. Э. м. кылмыш жасалган күндөн баштап өкүм чыгарылган күнгө чейин эсептелет жана кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу үзгүлтүккө учурабайт.
|