|
Элчилик укук
|
|
ЭЛЧИЛИК УКУК – эларалык укуктун байыркы тармагы; бир мамлекеттин башка мамлекеттин аймагындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломаттык агенттеринин юридикалык статусун жана иштеринин принциптери менен ченемдерин камтыйт. Эларалык мамиле каадаларынын негизинде миңдеген жылдар бою жыйналган Э. у-тун ченемдик курамы азыркы мезгилде Дипломаттык карым-катнаштар жөнүндө 1961-жылкы Вена конвенциясында, Атайын миссиялар жөнүндө 1969-жылкы конвенцияда ж. б. иретке салынган жана кодификацияланган. Дипломаттардын жана дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн укуктук абалынын маселелериэки тараптуу эларалык келишимдерди жана улуттук мыйзамдарды жөнгө салуунун да объектиси болуп саналат. «Э. у.» аталгысы кээде дипломаттык укук маанисинде колдонулат.
|