|
Эларалык жарандык авиация уюму (эжау)
|
|
ЭЛАРАЛЫК ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ УЮМУ (ЭЖАУ) – БУУнун адистештирилген мекемеси, жарандык авиациянын баардык иштери боюнча мамлекеттердин эларалык кызматташуусун уюштурат жана ыраатка салат. ЭЖАУга 190 мамлекет (анын ичинде КР да) кирет. ЭЖАУнун уюштуруу актысы – Эларалык жарандык авиация жөнүндөгү 1944-жылкы конвенция, анын текстине жобо киргизилип, ал уставды түзөт. ЭЖАУнун максаты: эларалык учак жол-жоболору менен усулдарын иштеп чыгуу, эларалык учак унаа каражаттарын ыраатка салуу жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, учуу-техникалык эрежелерин өркүндөтүү, учуунун коопсуздугун камсыз кылуу ж. б.
|