ЧЫРМАКЧЫЛЫКТЫН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨР |
Ал эми бүгүнкү чеберлер — «гүл көчөтү» (гүлдүн байчечек түрлөрү), «атлес көчөтү» (атлес, шайынын түрү), «тынчтык көчөтү» (көгүчкөндүн жана кептердин сүрөтү), «көөкөр көчөтү» жана «кумара көчөтү» (карапа, шири) сыяктууларды уздар өз максатында колдонмо-жасалга жактарын көбүрөөк көздөшөт. Көчөттөр бири-бирине өтөт. Оюм-көчөттөр бирин-бири алмаштырат. Оюмдан көчөт, көчөттөн оюм жаралат. Бирок, бардык эле көчөттөр оюмдук милдетти аткара албайт. Деген менен көркөм кол өнөрчүлүктүн бүткүл түрүнө бирдей катыш жасайт. Ошондуктан, оюм биринчи, көчөт экинчи планда турат да, көркөмдүктүн ээси уздун бир аты оймочу деп аталат. Мына ушундай оюм жана көчөттөрдү көркөм каражаты кылып чеберлер салттуу үлгүлөргө узанышат жана узданышат. |
Найти все переводы слова "ЧЫРМАКЧЫЛЫКТЫН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧЫРМАКЧЫЛЫКТЫН КӨРКӨМ КӨЧӨТТӨР"?
Ввойти