|
Формулярдык жүрүм
|
|
ФОРМУЛЯРДЫК ЖҮРҮМ (лат. aktiones per formulas ) – рим юстициясындагы жеке дооарыз боюнча сот өндүрүшүнүн экинчи бир түрү. А. ж-нүн маани-маңызы талаш-тартыштын юридикалык предметин доо коюучу тарап эмес, а претор түзгөндүгүндө жатат. Доочу жана жоопкер магистрдин алдында ишти каалагандай сөздөр менен түшүндүрүшкөн. Претор талаш-тартыштын юридикалык маңызын түшүндүргөн жана аны сотко даректеген атайын кыскача катта – formula баяндаган. Формулалар – типтүү болгон.
|