Menü
Эл-Сөздүк

Туруктуу бейтараптуулук

ТУРУКТУУ БЕЙТАРАПТУУЛУК – мамлекеттин эларалык-укуктук жана (же) конституциялык-укутук статусу, ага ылайык ал согуш болгон учурларда ага согушуп жаткандардын кимисинин болбосун тарабында катышпоого, согушуп жаткан тараптарга түздөнтүз аскердик жардам көрсөтпөөгө милдеттенет. Башка мамлекеттердин моюндарында Т. б-ту урматтоо милдети турат. Тынчтык мезгилдеринде бейтарап мамлекет аскердик бирлештиктерге жана блокторго кирбөөсү тийиш. Эларалык укукта Т. б. көп тараптуу эларалык келишим же декларация менен аныкталуусу мүмкүн. Азыркы учурда Вена конгрессинин 1815-жылдын 20-ноябрында жарыяланган декларациясы менен келишимдүү Т. б. статусун Швейцария колдонуп жүрөт. Ошондой эле 1955-жылдын 26-октябрындагы бейтараптуулук жөнүндөгү федералдык конституциялык мыйзам боюнча Австрия Т. б. болуп эсептелет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: