|
Товарларды убактылуу ташып кетүү
|
|
ТОВАРЛАРДЫ УБАКТЫЛУУ ТАШЫП КЕТҮҮ – товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө КР мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз КРдин бажы аймагынан тышкары жерде убактылуу пайдаланылышы мүмкүн болгон бажы режими. Т. у. т. к-дө ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, аларды кайра кайтаруу же ордун толтуруу жүргүзүлбөйт. Т. у. т. к-гө төмөнкү шарттар сакталганда жол берилет: убактылуу ташылып кеткен товарлар атамекендик жактын менчигинде калганда; товарларды кайра ташып келүүдө (реимпортто) бажы органдары аларды идентификациялай алганда.
|