Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Товарларды кайра импорттоо
 

Товарларды кайра импорттоо

 
ТОВАРЛАРДЫ КАЙРА ИМПОРТТОО – бажы тартиби, КР бажы аймагынан экспорттоо тартибине ылайык ташылып чыгып кеткен атамекендик товарлардын белгиленген мөөнөттө, бажы алымдары жана салыктарсыз, ошондой эле товарларга экономикалык саясат чараларын (чектөөнү, лицензиялоону ж. б.) колдонбостон кайра ташылып киргизилиши. Товарларды мындай тартипке жайгаштыруу үчүн алар: а) ташылып чыгып кеткенден кийин 10 жылдын ичинде КР бажы аймагына ташылып кирүүсү; б) ташылып кетип жатканда кандай болсо, табигый эскирүүдөн, болбосо ойдогудай шарттарда ташуу жана сактоодон тозуудан башкасы дал ошондой абалда болууга тийиш. Т. к. и-до товарларды ары-бери ташыган адам, товарларды ташып чыгуу учурундагы көрсөтүлгөн башка жеңилдиктер катары алган суммаларды кайтарып берет. КР бажы мыйзамдары Т. к. и. үчүн бир катар шарттарды карайт, б. а. товарлар: а) эркин жүгүртүм статусуна ээ болушу, же болбосо КР бажы аймагынан ташылып чыгып кетип жатканда чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктусу болушу; б) аларды ташып чыккан учурдан тартып 3 жылдын ичинде , ал эми убактылуу ташылып кеткен товарлар – убактылуу ташылып кетүүгө белгиленген мөөнөттүн ичинде кайра импорттоо бажы тартибине билдирилиши; в) табигый эскирүүдөн же ойдогудай шарттарда ташуудан, сактоодон жана пайдалануудан тозуудан башкасы күнү бүгүнкүдөй абалда болуусу; г) бажы органдарына товарларды кайра импорттоо бажы тартибине жайгаштыруу үчүн зарыл болгон шарттарды бышыктоочу баардык документтерди жана маалыматтарды товарларды кайра импорттоочу адам өзү көрсөткөндөн башка учурларда, товарды ташып чыккан киши тарабынан декларациялануусу керек.

Найти все переводы слова "Товарларды кайра импорттоо" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Товарларды кайра импорттоо"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru