|
Сот адилеттигине укук
|
|
СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ УКУК – адамдын негизги материалдык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону кепилдөөгө багытталган жарандын процесстик укугу. Адатта: тез, эл алдында жана калыс сотко укугун; укукту коргонуу укугун; күнөөсүздүк презумпциясын; өзүнө жана өз жакындарына каршы күбөлөндүрбөө укугун; сотто мыйзамсыз жолдор менен табылган далилдерди колдонууга тыюу салуу укугун; соттолуучунун мыйзамда белгиленген тартипте өкүмдү жогорку баскычтагы сот тарабынан кайра каратууга укугун камтыйт.
|