|
Саясий режим
|
|
САЯСИЙ РЕЖИМ – конституциялык укук илиминде коомдогу саясий бийликти жүзөгө ашыруу ыкмаларынын, жолдорунун, тариздеринин тутумун билдирүүчү түшүнүк; бул бийликтин милдеттик мүнөздөмөсү. С. р-дин бирдиктүү типологиясы жок. Илим көбүнесе демократиялык, авторитардык, тоталитардык С. р-дерди айырмалайт. С. р-дин мүнөзү мамлекеттердин конституцияларында эч убакта (алардын демократиялык мүнөзү тууралуу жетишерлик кеңири таралган ырастоолорду эсепке албаганда) ачык жана тике жазылбайт, бирок, дээрлик баардык учурларда алардын мазмунунан түздөнтүз көрүнүп турат.
|