-
Сапат
-
САПАТ – буюмдардын, өнүмдөрдүн, товарлардын арналуу багытына ылайык, белгилүү бир керектөө жөндөмүн шарттай турган (техника-экономикалык, эстетикалык) касиеттеринин жыйындысы. Көпчүлүк жарандык-укуктук келишимдердин негиздүү шарттарынын бири. Өнүмдөрдүн сапаты керектөө С-ын гана эмес, анын технологиялык касиеттерин, конструктордук-көркөмдүк бөтөнчөлүгүн, ишенимдүүлүгүн ж. б. сапаттарын да камтып турат. Бир өлкөнүн ичинде түзүлгөн келишимдердеги товар С-ы, адатта кабыл алынган стандарттар аркылуу аныкталат. Башка учурларда келишимге товардын С-ын аныктоочу өзгөчүлүк тиркелет. Келишимде товардын С-ын аныктоочу өзгөчөлүк болбогон учурда сатуучу сатып алуучуга өз багыты боюнча колдонулууга жарамдуу мындай товарды келишимге кошо тиркеп берет. Ал эми товарды үлгүсү жана/же сыпаттап жазылышы боюнча сатууда сатуучу сатып алуучуга үлгүдө көрсөтүлгөндөй жана/же сыпаттап жазылгандагыдай товарды берүүгө тийиш.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Сапат