![]() |
СИРКЕЛЕТҮҮ |
Куткундап чыгарган буюмдардын оюмуна ошол майда күмүштү данакерге малып тизип чыгат да, аны көмүр табына коет. Күмүш күйүп кетпесин үчүн тутанган чокту жез түтүкчөсү менен үйлөйт. Ошондо күмүшкө аралашкан данакер жалтырап эрип, ал чыбырчыктаган «таруудай күмүштү» чап кармайт. Кыз-келиндердин кооз буюмдары: билерик, сөйкө, шакек, желбирөөч, оймок, топчу жана башкаларга мына ушундай ыкма арбын колдонулат. Мельхиорду, же жезди бир өлчөмдө кесип, аны «бурага» сугарып, ошону кадимки эле бышкан кыштын үстүнө коюп, белгилүү өлчөмдөгү жалында эриткенде ал топтоголок болуп калат. Мунун тоголокторунун көлөмү ар башка кетилиши ыктымал. Анткени, мында буюмдун көлөмүнө жана мүнөздүү белгилерине карата ага берилүүчү «сиркелетүүчү» кооздук аныкталат. Ал улам майда болгон сайын, буюмга жыш түшкөн ал үлгүнүн ажары ачылып, зердик касиети жүзүн кубултуп, зергердин чеберчилиги артылып барат. Сиркелетүү — өтө тыкыр ыкма. Мөлт эткен таруудай «сымаптар» көзгө ойноктоп турат. Мындан буюм кармоого зерикпеген зергерлердин колунан гана келет. Майда тоголок (сиркелер) жасалып жаткан буюмга ширетүүдө аны кайрадан бурага чылап, от коюп, анан данакер тийгизет. Ошондо данакер эрип, тоголокту чап кармап калат. |

Найти все переводы слова "СИРКЕЛЕТҮҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "СИРКЕЛЕТҮҮ"?
Ввойти