САЙМА (кеште) — кандайдыр бир заттын (нерсенин) сөлөкөтүнө окшош, уйкаш элементтерин (көчөттөрүн) кездеменин, теринин, кийиздин, таардын жана башкалардын бетине ырааттуулук, ыргактуулук менен кайталанган кооздук. Ал оюм-чийим, сайма, курак, түрдөн турат.
сайма зат. Кооздук үчүн бир нерсенин бетине сайып түшүрүлгөн түр. Кыргагына калмактын Ноколоп сайма сайдырган («Мендирман»). Сайма жоолук.