-
Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу
-
ПРОДУКЦИЯНЫ БӨЛҮҮ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ – келишим, ага ылайык акысын алуу менен, КР ишкердик иш-аракеттин субъектисине (инвесторго) макулдашууда көрсөтүлгөн жерлерде пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого, иштетип көрүүгө жана буга байланышкан жумуштарды жүргүзүүгө өзгөчө укуктарды белгилүү бир мөөнөткө берет, ал эми инвестор бул иштерди өз эсебинен жана өз тобокелчилигине салып жүзөгө ашырууга милдеттенет. П. б. ж. м. жердин ички байлыктарын пайдаланууга байланышкан баардык зарыл шарттар, анын ичинде чыгарылып алынган минералдык заттарды кайра иштетүүнүн шарттары, өндүрүлгөн продукцияны тараптардын ортосунда тийиштүү мыйзамдарга ылайык бөлүштүрүүнүн шарттары жана тартиби аныкталат.
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу