Меню
Эл-Сөздүк

Плюралдык (көптүк) вотум

ПЛЮРАЛДЫК (көптүк) ВОТУМ – конституциялык укукта шайлоочунун бирнече жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгү. ХIХ кылымда кеңири колдонулган – Улуу Британияда, Германияда жана Батыш Европанын башка биркатар өлкөлөрүндө мындай тартип өкүм сүргөн: жаран өзү жашаган жердеги шайлоо тизмесине киргизилүү менен бир катарда анын кыймылсыз мүлкү жайгашкан, же ал жогорку билимге ээ болгондугу тууралуу диплом алган университет турган шайлоо чөлкөмүндөгү тизмеге да кошулган. ХХ кылымда өз маанисин жоготкон. Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын кээбир штаттарында гана сакталып калган, аларда ири менчик ээлери жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоодо бир канча добушка ээ.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: