Меню
Эл-Сөздүк

Парламенттик (депутаттык) иликтөө

ПАРЛАМЕНТТИК (ДЕПУТАТТЫК) ИЛИКТӨӨ – мамлекеттик бийлик органдарынын, анын ичинде өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн ишмердигине парламенттик көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу ыкмаларынын бири. КР ЖК депутаттарынын, комиттеринин же депутаттык бирикмелердин демилгелери менен ишке ашыралат. П. и. жүргүзүү үчүн КР ЖК депутаттарынанжана депутаттык бирикмелердин (жааттардын, депутаттык топтордун) өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия дайындалат. П. и. КР ЖК ыйгарым укугуна кирген баардык маселелер боюнча жүргүзүлөт. Баардык мамлекеттик органдар менен кызмат адамдары П. и. жүргүзүүгө зарыл болгон жардамдарды берүүгө милдеттүү. П. и. жыйынтыктары КР ЖК маалымдалат жана КР ЖК токтому менен бекителет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: