|
Оюм-чийим сызыгы (тери бети)
|
|
ОЮМ-ЧИЙИМ СЫЗЫГЫ (тери бети) – алакан менен таман бетиндеги оюм-чийим издери. Анын түзүлүшү эпидермис менен дерма кошулган тилкеде 2 катар жайгашкан үрп аркылуу аныкталат. О-ч. с. экөө жарыша жайгашып, ортосунда орун алган из менен чектелет. Манжа башы иймек, оролуш ж. б. тариздеги оюмдардан турушу мүмкүн. Мына ушундай жагдай дактилоскопия чегинде жиктештирүүгө жана тутумдаштырууга негиз болуп саналат. О-ч. с-нын ийри-муйру аралыгында тер безинин башаты жолуккан жер – өтө орчундуу далдаштыруу белгилеринин бири болуп эсептелет.
|