|
Нотариалдык иш-аракет
|
|
НОТАРИАЛДЫК ИШ-АРАКЕТ – жарандар менен юридикалык жактардын укугун, алардын КР мыйзамдарында каралган мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого багытталып, юридикалык мааниси бар талашсыз фактылар менен укуктук маалыматтарды күбөлөндүрүү боюнча нотариустун иш-аракети Н. и-а. аталат. Калк жашаган жерде нотариус жок болгон учурда, Н. и-а. жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аткаруу-тескөө кызмат адамы (айылдык башкаруу) тарабынан жүргүзүлөт, башка мамлекеттердин аймагында мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укугу бар КР өкүлчүлүк мекемесинин кызмат адамы тарабынан жасалат.
|