Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Мүлктү камоо

МҮЛКТҮ КАМОО – мүлктү каттоого алуу, аны тескөөгө тыюу салуу, зарылдыгына жараша аны колдонуу укугун чектөө. КР жарандык-процесстик мыйзамдары боюнча карызкордун мүлкүн камакка алуунун түрү, көлөмү жана мөөнөтү ар учурда мүлктүн өзгөчөлүгү, менчик эсине же ээлик кылуучуга карата маанилүүлүгү, чарбачылык, турмуш-тиричилик же дагы башка колдонуу өзгөчөлүгү, аткаруу документтерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуу же башка жагдайлар эске алуу менен, соттук аткаруучу тарабынан аныкталат. КР жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык, М. к. кылмыш-жаза ишинен улам келип чыккан жарандык доону камсыз кылуу үчүн, ошондой эле мүлктү тартып алуу учурларында тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: