|
Медициналык-социалдык экспертиза
|
|
МЕДИЦИНАЛЫК-СОЦИАЛДЫК ЭКСПЕРТИЗА – КРдеги медициналык экспертизанын бир түрү; эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээлин, себебин жана майыптуулук тобун аныктоо, ошондой эле жарандарды социалдык жактан коргоо жана медициналык калыбына келтирүү максатында жүргүзүлөт. Жарандар анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздөрү каалаган адис-дарыгерди М. с. э-га катышууга алардын макулдугу боюнча чакырып алууга акысы бар. М. с. э-нын корутундусу, КР мыйзамдарында каралган тартипте, жарандардын же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча, жогорку баскычтагы уюмдарга же сотко даттанылышы мүмкүн.
|