Menü
Эл-Сөздүк

МИСТӨӨ

жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн, кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мистабак, аптаба, чөөгүн, чайнек өңдүү ж.б.у.с. идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан. Жезди, колону эритүүнүн өздүк ыкмасы күмүштүкүнө өтө окшош болуп, таза жездин өзүнө бирдеме салуу же коюу анча нарктуулукка жатпаган. Демек, жездин ичин калайлоодо илгери торко электен өткөн майда кум менен жездин ичин жалтырата тазалайт. Ушундан кийин жездин бетине калайды жука-жука кесип, көрүктүн жалынына кармап эритип, ношотурду себет да, кебезден жасалган куургуч аркылуу сүртөт. Ошондо калай жездин бетине жабышып, ак түзгө айланат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: