Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

МАГИЯ

МАГИЯ — «Манаста» сөздүн касиети аркылуу тигил же бул эпикалык сюжетке сыйкырдуу маани киргизүү. «Манас» көп катмарлуу поэтикалык көрүнүш, анын салттуу тексти өзүнүн жашоо процессинде көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Байыркы замандын бул оригиналдуу эстелигинин оозеки жашап келүүсүнүн өзү анын текстинин өзгөрүлмөлүүлүгүн, варианттуулугун шарттаган. Анын оозеки жашап келүү формасына карабастан айрым сюжеттик сызыктардын, образдардын жана байыркы поэтикалык формулалардын өтө туруктуулугун аныктаган экинчи бир өзгөчөлүккө ээ. Мындай өзгөчө касиет белгилүү даражада эпикалык дүйнөнүн алгачкы картинасын кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, «Манаста» бутпарас дининин бир кыйла издери, ар түрдүү нерселердин магиялык кудуретине, сөздүн магиялык касиетине ишенүү сакталган. Эпосто бир нече жолу магиялык сыйкыр аркылуу жортуулдун эмне менен аяктарын алдын ала айткан далычы жөнүндө кабар берилет. Койдун далысы менен бал ачуу, бул жаныбардын сөөгүнүн укмуштуу магиялык кудуретине ишенүүнүн байыркы жаңырыгы болуп саналат. Төлгөчү Кара Төлөк, далы көрүүчү Агыдай деген чоролор дайыма Манасты жандап жүрүшөт, анын буйругу боюнча төлгө салып, далы карап, келечекте эмне болорун дароо айтып беришет. Ошондой эле эпосто табиятка сыйынуу жана атайы тандамалуу адамдардын жаратылыш кубулуштарына таасир тийгизгени ачык көрүнөт. Айталык, Манастын башкы чоросу Алмамбет Чоң казатка барганда «жайташын» дубалап сууга салып, жайдын күнүн кыш кылып, бороон-чапкын жасап, күркүрөп кирип жаткан Уркун дарыясын тоңдуруп, душман колун берки өйүзгө өткөрбөй, тоскоол кылат. Адамзат маданиятынын алгачкы өнүгүш мезгилинин жаңырыгы маанисинде адамдын жаратылыш менен байлынышы жөнүндөгү мотивдердин кыргыз эпосунда сакталышы эң эле ар түрдүү жол менен көрүнөт. Алсак, эпосто кепшөөчү жапайы жаныбарлардын кереметтүү колдоочусу Кайыпка (көбүнчө алтымыш айры мүйүздүү бугу түрүндө элестетилет) өзгөчө назар салынат.
Эпосто ар түрдүү расымдык буюмдардын жардамы менен аткарылган сыйкырлардан башка, сөз сыйкыры да күчтүү берилген. Бул сыйкырлап дарымдоо түрү эпостун поэтикалык системасына эриш-аркак айкалышкан. Алар өздөрүнө ар кандай конкреттүү жагдайларга байланыштуу жакшылыкты жана жамандыкты алып келген сыйкырдуу милдетти, сөздөрдүн укмуштай таасир берүүчү күчүнө ишенимди камтыйт.
Алкыштар эпосто жаңы төрөлгөн наристеге ат коюуда, баатырды жортуулга узатып жатканда, аксакал карыялардын төрөбөгөн аялдарга бата берүү учурларында көбүрөөк кездешет. Алкышты кээде аялдар да айтышат. Мисалы, Каныкей Манасты Бээжинге, Чоң казатка узатар алдында ага жана анын кырк чоросуна карата мындай дейт:
Сапарга чыксаң жол болсун,
Жараткан эгем колдосун
Кылган ишиң күч болсун,
Самаган душман түз болсун.

Алкыш өзүнүн составы боюнча ар түрдүү, мүнөздүү сөз айкаштары жагынан да, же татаал жүйөлөнгөн (мотивделген) топтору боюнча да айрымаланып турат.
Сыйкырлап дубалоонун түрү — каргыштар. Алар негизинен төбөсү бийик Көктүн, төшү түктүү Жердин, ата-бабалардын арбагынын жана конкреттүү адамдын атынан айтылат. Эпосто бул типтүү мисалдар арбын. Чоң байгени алуу үчүн Аккуланы жарышка кошуп жиберген Айдарды Манас минтип каргышка алат:
Байге жебей майың же,
Медериңдин канын же,
Жеткен байге дооруң же
Жети атаңдын боорун же!

Кыргыз эпосунда көптү көргөн карыялардын, таңдайында же алкымында сөөлү, көзүндө чегеси бар аялдардын оозунан чыккан каргыштар кимге да болсо чоң зыян келтире тургандыгы жөнүндөгү ишеним даана чагылдырылган. Эпосто Каныкейдин тилинде сөөлү бар экендиги айтылат, андыктан баарысы анын каргышына калбоо үчүн абдан этият болушкан. Ал жөнүндө: «Каргышы ката кетпеген» деп эпосто баса көрсөтүлөт.
Алкыш менен каргыш өздөрүнүн чыгышы боюнча шамандык искусствого, дарымдоого барып такалат. Ушундан улам, алкыш жана каргыш түпкү тегинде шамандык искусствого таандык болуп, шамандык жөрөлгө, жорук-жоосундар, айрыкча шаман сөзү эпосто каада-салт жөрөлгөлөрдү гана аныктабастан, салттык поэзияда көркөм жанр катарында калыптанышына өбөлгө түзгөн.
Р. Кыдырбаева



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: