Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: ү БИЛЕРИК көрүнүшү табаковод
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (кмш)
  • БИЛЕРИК
  • билериксиз
  • билериктүү
 

Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (кмш)

 
КӨЗКАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ШЕРИКТЕШТИГИ (КМШ) – мамлекеттер аралык бирикме, 1991-жылы 8-декабрда Минскиде СССРдин 3 республикасынын – РСФСР, Белоруссия жана Украинанын өкүлдөрү кол койгон Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашууларынын негизинде түзүлгөн. Макулдашуу 1991-жылы 12-декабрда РСФСР Жогорку Советинин токтому менен ратификацияланган. КМШнын 1993-жылы 22-январда Минскиде кабыл алынган Уставы 1993-жылы 12-апрелде РФ Жогорку Совети тарабынан ратификацияланган. Аталган Макулдашууга жана КМШ Уставына ылайык, Шериктештиктин максаты элдер менен мамлекеттердин саясат, экономика, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илим, соода жагындагы, кайрымдуулук жана башка чөйрөлөрдөгү тең укуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү, кеңири маалыматтык алмашууга көмөк көрсөтүү, өзара милдеттенмелерди акниет жана так сактоо болуп саналат. КМШга СССРдин мурдагы 12 республикасы – РФ, Украина, Өзбекстан, Азербайжан Республикасы, Грузия Республикасы, Тажикстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Молдова Республикасы, Түркмөнстан кирет. КМШ органдарынын ырасмий жайгашкан орду – Минск. Шериктештиктин Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, КМШтин Аткаруучу секретариаты, Мамлекеттер аралык экономикалык комитет, КМШтин Экономикалык соту, КМШке катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы КМШтин негизги институттары (консультативдик жана координациялоочу органдары) болуп саналат.

Найти все переводы слова "Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (кмш)" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (кмш)"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru