КӨӨНӨ КАТМАР |
Көөнө көрүнүштөр биринчи иретте «Манастын» сюжетинен жана образдар системасынан ачык көрүнөт. Кыз Сайкалды багынтып, акыреттик жар кылышы, Мадыкан, Макел дөө, Ороңгу жана башка каармандар, итаалы эли жөнүндөгү сюжеттер эпостун К. к-ын түзөт. Аты аталып бирок образдары ачылбаган адамноо, жетимурук, жаян жана башкалар мифологиялык жандыктар, баатырдык жомоктордо белгилүү болгон алп каракуш, тулпар, чеп кайтарган түлкү, өрдөк, аркар сыяктуу образдар да «Манастын» көөнө образдарды жана сюжеттерди кеңири камтыгандыгын көрсөтөт. «Манастын» төрөлүшү, үйлөнүшү тууралуу эпизоддор да көөнө белгилерге бай. Манас, Алмамбет, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын келбетин сүрөттөөдө да көөнө элементтер жыш колдонулат. «Манаста» географиялык түшүнүктөр да тарыхый жана мифологиялык аң-сезимдин жуурулушунан турат. Жердин түбү Желпиниш — нукура мифологиялык түшүнүктүн жемиши болсо, Бээжин, Каңгай, Алтай жана башкалар топонимдер тарыхый белгилерди да алып жүрөт. Ошондой эле «Манаста» элдин космос, ааламдын түзүлүшү тууралуу байыркы түшүнүгү да сакталган (Жер, анын үстүндөгү, астындагы мифологиялык өлкөлөр). «Манастын» көркөм сөз каражаттары да бир катар көөнө белгилерди камтыйт. Гипербола, салыштыруу, метафора, эпитет өңдүү негизги көркөм сүрөттөө каражаттарынын көпчүлүгү келип чыгышы боюнча элдин мифологиялык түшүнүктөрү менен тамырлаш (мисалы, канкор, айкөл, тоодой жана башкалар). Көөнө белгилер «Манастын» ыр түзүлүш системасында да сакталгандыгын көрөбүз. Ар бир сап 7 — 8 муундан туруп, аллитерация, ассонанс, референдердин жыш колдонушу буга далил. Ошентип, «Манастын» поэтикалык курулушу көөнө элементтерге бай, алар өзүнчө бир катмарды түзүп турат. С. Кайыпов |
Найти все переводы слова "КӨӨНӨ КАТМАР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КӨӨНӨ КАТМАР"?
Ввойти