Меню
Эл-Сөздүк

КӨШӨГӨ

«Келинге тарткан көшөгө, Көгөрө бербейт өзү эле» (Райкан). Бул үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз үйгө шартташкан. Алда бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден (2,5—3 м, 2—2,5 мм тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр өткөрүлүп, илмектин эки учу ууктарга, мыктарга кере тартылып байланат.
      Көшөгө кыздын себи менен кошо келет. Жаңы үйлөнгөндөр салт боюнча көшөгөнүн ичине жатышат. Буга да узчулукка таандык сайма көчөттөрү көбүнчө илме сайма менен түшүп, туш кийиз өңдүү үйгө жасалга берет.

көшөгө

зат. 1. Көргөзбөй далдалап туруу үчүн үйгө, сахнага тартылчу узун
жазы парда. [Апар] Купуяга бирдеме деп шыбырап койду да, дароо көшөгөгө кирип кетти (Аалы).
2. Драмалык чыгарманын орчундуу бир бөлүгү. Үч көшөгөдөн турган пьеса.
¨ Көшөгөң көгөрсүн — бак-таалайлуу, өмүрлүү бол деген мааниде көбүнчө жаштарга айтылуучу тилек. — Ыракмат кызым! Көшөгөң көгөрсүн !—деп [кемпир] үнүн каргылдантты (Байтемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: