Меню
Эл-Сөздүк

КӨЧӨТ

бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.

көчөт

көчөт, көчөттү, көчөтү
көчөт казуу (а. ч.)
көчөт көмүү (а. ч.)
көчөт көчүрүү
көчөт өстүргүч (а. ч.)
көчөт тигүү (а. ч.)
көчөт тиккич

көчөт

зат. 1. Кийин көчүрүп тигиш үчүн питомникте же башка ылайыкталган жайда уругунан же болбосо чырпыктарынан көөмп өндүрүлгөн жаш өсүмдүк. Алманын көчөтү. Капустанын көчөтү.
  1. 2.                  Нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Түрлүү көчөт гүлү бар, Килеми сонун кыргыздын (Барпы).
  2. 3.                  Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүк боюнча дарымдоо жолу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: