Меню
Эл-Сөздүк

КӨН БУЮМДАРЫ

Бодонун терисинен колдо иштетилген булгаары. Андан салттуу буюмдар: жагдан, чыны кап, ат жабдыктары: жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, тердик (кичим) жасалат. Кепич, мөкү, маасы, көк жеке өңдүү бут кийимдер тигилет.
      Эңдейлене жана каттала тигилип, ал күмүш, жез, мис, калай, коло сыяктуулар аркылуу шөкөттөлөт. Көндү «кол булгаары» деп айтабыз.
      Чеберлер төөнүн, топоздун, уйдун, бугунун, булбулдун терисин жыдытат. Же тери сыйрылаары менен туз сээп туруп, төрт бүктөп коет. Кээде муну кадимкидей эле шар сууга бастырышат. Теринин өңүн буруу үчүн казанга чыланган сууга салынган темир «кузат». Анын өңүн өзгөртөт. Ошол терини он беш, жыйырма күнчө ышка коет. Ачуу ыш ичине жедеп сиңген терини сууга шапшыйт да, кайрадан ыштайт. Мында тери мурунку абалын таптакыр өзгөртүп, калыңына тартып, кадимки булгаары өңдөнүп, буржуюп калат.
      Көңдүн ийи — сууга салуу менен ышка коюу. Анан тери ийленет. Бул — буюм-кечектерди жасоого жердик даярдоо иш-аракети.
      Мында ийлөөнүн эки түрү бар: майда жандыктардын жана кайберендердин терилери кол учунда ийленет. Бодонун, бугу-маралдын терилери болсо өз талкуусуна коюлат. Көн кургатылат. Даяр андан көбүнчө кепич, маасы, өтүк өңдүүлөр ултарылып, кемер кур, жагдан, чыны куту өңдүү буюмдар жасалат. Ээр, тердик, желдик тышталып, ага «чийме сынпоос» түшүрүлгөн.
      Көн булгаарыга муңайым темир чөгөрүлүп, күмүш жалатылат. Акак, айнек, каухар, жакут, зумурат коюп, «тогуз төбөлөйт». Азыр элдик чеберлер көн жасоого, анча кызыгышпай калды.
      Ак кайышты көнгө (кол булгаары) айлантуу үчүн жаз айларынан мурдараак тоо талдын кабыгын алып келип кургатып, жаргылчакка тартып, аны кайнатат. Чыгарып, тери күйбөгөндөй сууганда ал кайнатманы анын бетине төгүп ороп коет. Аны анан талкууга бир аз ийлейт. Ошондо териге кол боек сиңет да, мала кызыл өң берет. Ал жаанга калса да, күндө турса да, эч качан катпай, иштетүүгө өтө ийкемделет. Муну кара өңгө айландырыш үчүн ага ачыган кара жарманын үстүңкү тунган суусун куюп алып, дат баскан темирди буга салат. Чеберлер айткандай, «темир кузат» (темир жарманын суусун өзгөртөт). Мында тери көк-кара өңгө бурулат. Муну да бир аз талкууга алат. Мындай жол аркылуу өтө көмүрдөй кара болбосо да, өңүн өчүрбөгөн кол булгаары (көн) пайда болот.
      Көн жасоонун көп түрлөрү болушу керек. Бул көп ыкмалардын ичинен бир ыкмасы болуп саналат.
      Уйдун терисин сыйраары менен бетине акиташ сээп, жүнүн жыдытат. Эгер бычакты тийгизсең, теринин кыртышы да, жалпы сапаты да бузулуп калышы ыктымал.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: