Меню
Эл-Сөздүк

КӨМӨЛДҮРҮК

«Көмөлдүрүк, куюшкан. Көркүм үчүн жарашкан» (Эл ыры). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип, чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайылган кайыш же өрүм. Ал өр таяна бастырганда ат токулгасын артка жылдырбаш үчүн тагылат. Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи жагы сагак менен биригет. Мунун да жүгөндүкүндөй «сүзмөсү», «балдагы» менен «олоң тили» бар. Көмөлдүрүктүн учундагы чачылуу «жүрөкчө», «сүзмөгө» чагарак аркылуу байланышкан. Анын чеке-бели да кайыштан чачыланат. Үлгү катары жасала турган көмөлдүрүктүн оң капталы 48— 50 см болсо, аттанаар сол тарабы 40—45 см, ошондо илгичи артык башы менен 18—20 см болот.
      Көмөлдүрүктүн көркөмдүгү анын «жүрөкчөсүнүн» ар кандай формада шөкөттөлүшүнөн көрүнөт. Ал шөкөт тегерек, томпогой да келет. Демек, асыл таштарды чөгөрүп, анын тегерек-четтерин күмүш торчолоп, ага өзүнчө көзчөлөрдү чыгарып, кудум төөнөгүч, тамандуу шакек, куткундуу билерик кейиптенип кеткен формасы да бар. Күмүш жалаткан көмөлдүрүктүн «жүрөкчөсүнө» атайын «зооткер» түшүрүү да салтка айланган.
      Ат жабдыктарынын бүтүндөй бөлүктөрүнүн шөкөттөрүнө акак таш жана ага тете заттарды чөгөрүп, «тогуз төбөлөө» чеберчилиги күмүштү күлдүргөн зергерчиликтин доорунда мыкты өнүгөт. Аларга «сыя төгүү», «чапкылоо» ыкмасы аркылуу түшүрүлгөн элдик оюм-чийимдер «мүйүзчөлөнүп» да, «кыялданып» да берилет.
      Азыркы чеберлердин кармаган көмөлдүрүгүнүн узундугу бир метр 40—50 смден кем болбоо керек. Ээрдин алдыңкы актасына урулуучу шакекче алты см, учтуу мыкча аркылуу бекийт. Ал жүзмөгө чакан эки чагарак менен туташат. Көмөлдүрүктүн жүрөкчөсү да кош сүзмөлүү чагарак аркылуу бекийт. «Жүрөкчөнүн» узундугу 5,5—6 см, туурасы 2,8—4 см келет. Ал кайышка үч жеринен чабылып, жүрөкчө бекиген кайыштын учунда 5—7 смдей сеңселген беш-жети тал чачысы болот.

көмөлдүрүк

көмөлдүрүк (өмөлдүрүк
эмес), көмөлдүрүгү,
көмөлдүрүккө

көмөлдүрүк

зат. Ээрди артка кетирбес үчүн аттын төшүнөн алып эки астынкы бутунун ортосунан өткөрүп, учу басмайылга, экинчи жагы ээрге бекитилүүчү кайыш. Көмөлдүрүк тагынган, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: