|
Күнөө (айып)
|
|
КҮНӨӨ (АЙЫП) – кылмыш-жаза укугунда адамдын
өзүнүн укукка каршы кылыгына (аракетине жана аракетсиздигине) жана анын
натыйжаларына карай маанай мамилеси. Адамдын өзүнүн жүрүм-турумунун обу жоктугун
(укукка каршылыгын) жана ага байланышкан жыйынтыктардын туура эместигин моюнга
алуусун (түшүнүүсүн) билдирет. Юридикалык жоопкерчиликтин зарыл шарты. К.
адамдын мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына
жеткени жана акыл-эси жайында болгону өбөлгө болот. Жарандык укукта К. –
жарандык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик шарттары: келишимдик же башка
милдеттенмелерди орундабай, болбосо ойдогудай аткарбай коюу, мыйзамсыз келишим
түзүү, мүлктүк зыян келтирүү ж. б. Жарандык укукту бузган адамдын күнөөсү
болжолдонот; ал жоопкерчиликтен кутулушу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдөөгө
тийиш. Айрым убактарда К. (м.: эгер зыян өзгөчө коркунучтуу жагдайдан улам
тартылса) сөзсүз жоопко тартууга негиз боло бербейт. К. таризи адатта
жарандык-укуктук жоопкерчиликтин көлөмүнө таасир этпейт. Эларалык укукта К.
катары укук бузуу субъектиси тарабынан жасалганы аныкталган, анын
эларалык-укуктук жоопкерчилигин жараткан факты түшүнүлөт.
|