|
Кыскартылган жумуш убактысы
|
|
КЫСКАРТЫЛГАН ЖУМУШ УБАКТЫСЫ – кызматкерлердин айрым топторунун эмгегин коргоо максаттарында белгиленген жумуш убактысынын ченеми:– 1) 14төн 16 жашка чейинки кызматкерлер үчүн – жумасына 24 сааттан ашык эмес, 16 жаштан 18 жашка чейинкилерге – жумасына 36 сааттан ашык эмес; 2) күч эмгегин талап кылган оор жумуштарда, эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарда иштегендерге – жумасына 36 сааттан ашык эмес; 3) I жана II топтогу майып кызматкерлерге – жумасына 36 сааттан ашык эмес. Кыскартылган жумуш убактысына укук берген өндүрүштөрдүн, цехтердин, кесиптердин, кызмат орундарынын эмгек шарттары зыяндуу, оор, кооптуу жумуштардын тизмелери КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.
|