Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: импорт Тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Кылмыш кылууга ниеттенүү
 

Кылмыш кылууга ниеттенүү

 
КЫЛМЫШ КЫЛУУГА НИЕТТЕНҮҮ – атайын түздөнтүз ойлонуу менен жасалган, кылмыш жасоого тикелей багытталган, бирок адамга байланышпаган жагдайлардан улам кылмыш иши аягына жеткирилбей калган шарттардагы аракет же аракетсиздик. Тийиштүү кылмыш катары, кылмыштуу ниеттин ишке ашуу деңгээли жана кылмыштын аягына чейин чыгарылбай калганынын себептери эсепке алынуу менен жазаланат. К. к. н. – алдынала кылмыш аракетинин экинчи баскычы болуп саналат. Биринчи баскычынан – кылмышка даярдануудан (мында аны жасоо үчүн шарттар гана түзүлөт) айырмаланып, К. к. н-дө күнөөлүүнүн аракети кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголгон объектке карата тикелей багытталат, же болбосо объектиге ойлонуштурулганга караганда азыраак зыян келтирилет (м.: күнөөлүү киши өлтүрүүгө ниеттенсе да жабырлануучуну жарадар кылат). Бүткөн жана бүтпөгөн К. к. н. деп айырмаланат. Бүткөнүндө күнөөлүү кылмышты аягына чейин жеткирүү үчүн зарыл болгон аракеттердин баарын жасайт; бүтпөгөнүндө – ага байланышпаган жагдайлардан улам баардык аракеттерди аягына чыгара албай калат.

Найти все переводы слова "Кылмыш кылууга ниеттенүү" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Кылмыш кылууга ниеттенүү"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru