|
Киндик кан укугу
|
|
КИНДИК КАН УКУГУ – туулгандыгына жараша жарандык алуу принциптеринин бири (бала кайсы жерде туулгандыгына карабастан ата-энесинин жарандыгын алат); дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө кабыл алынган К. к. у-нун 2 түрү бар. Биринчиси «үйбүлөнүн биримдиги» принцибине, б. а. үйбүлөдө эркектин башчылыгы идеясына негизденет. Бул принцип боюнча, балага атасынын жарандыгы өтөт; никеден тышкары төрөлгөн бала гана энесинин жарандыгын алат. Экинчи түрү никедеги тараптардын тең укуктуулугу идеясына негизденет, б. а. атасынын же энесинин жарандыгына артыкчылык берилбейт.
|