Меню
Эл-Сөздүк

Керээз (карээз айтуу)

Керээз (карээз айтуу) – бул адамзат жарык-жалган дүйнөдөн биротоло көчөөр алдында эл-журтуна, бала-бакыраларына калтырган сөзү, акылы, кеңеши, акыркы айткан сөзүнүн ток этээри. Керээз айтууда элибиздин табигый маданиятын билебиз. Мурунтан баштап эле: «Кийин көзүм өтсө, муну мындай кылгыла, тигини тигиндей жасагыла, сөөгүмдү ошол жерге койгула, жайымды тигиндей ойдургула» – деп айтылып келген… Экинчиден, адатта, адам «боюн түзөп», таазим берээр алдында, болгон күчүн жыйып туруп, оюндагысын айтат. Ал сөзү калгандары үчүн ыйыктай сезилет. «Мурун эле айтып жүрүүчү», «өлөөр алдында айтып калды», «ушуну айтууга араң жарады»… Үчүнчүдөн, керээз – ага-туугандарын, бала-бакыраларын, кадыркечтерин чогултуп туруп, атайын мал сойдуруп, эт желип, бата тиленип бүткөндөн кийин бала-бакыра жай-жайына тарап, улуулар калганда, жарыктык оорулуу баарын тегерете карап, сыдырата санап, кимдер бар, кимдер жоктугун билип, орой көз чарай отургандарга айтыла турган сөз. Арийне, анда төмөнкүдөй суроолор камтылат: мал-жан кимдерде калат, кара ашка канча союлат. Кимдер топурак салат, сөөктү кимдер кармайт. Эмнелер коюлат: жаназасына, дооранына, мүчөсүнө, жыртышына, мүрзөсүнө ж.б. (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 229-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: