|
КОШАБЫШ
|
|
КОШАБЫШ — кырк чоронун бири Абыштын ылакап аты. Кошту, колду эсептөөгө маш болгондуктан «Кошчу Абыш» — «Кошабыш» аталган К-тын « Кошу болсо, кол болсо Э дегиче аскердин Эсебин алчу неме...» экендигинен улам Манас Алоокеден согушкуң келбесе Бооке менен К-ты бергин деп талап коюп, экөөнү тартууга алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196—197). Ошондон баштап Бооке менен К. Манаска чоро болуп калышат, к. Абыш.
|