|
КОЖЕНТ
|
|
КОЖЕНТ, Кожонт — топоним. Кыргыз жамаатына караштуу шаарлардын катарында эпосто көп эскерилет. Мисалы, шоорук кан кол салганда Манас кошун курап, карамагындагы элдерге кабар жибергенде: «Кожент менен Жызакты, Бачым-ылдам келсин деп, Баруучусун узатты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 207),— деп башка көптөгөн шаарлар менен катар К-ке да кабарчы жөнөтөт. Географиялык реалияда Тажикстандагы ири шаар.
|