КЕҢ-КОЛ |
Алмамбет, Чубак, Сыргагым, Жаткандан жамбаш талбайбы? Чырм этсе уйку канбайбы, Кең-Колго тиккен бак барбы Керилип уктап жатуучу Кең-Колдогу чак барбы? (Саякбай Каралаев, 2. 100),— деп эскерилет. Географиялык реалияда Талас дарыясынын сол куймасы. Түндүк жактан кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан агып түшкөн суунун аты. К.-К. өрөөнү Кара-Жылга менен Кыргыз Ала-Тоолорунун ортосунан орун алган. Анын батыш жагы Кан-Жайлоо менен, чыгыш жагы Чөңөр ашуусунун батыш жагы менен чектешет. Өрөөндүүн узундугу 35 чакырым. К.-К. Таласты көздөй имерилишинде Манастын күмбөзү, Кароол-Чоку турат. |
Найти все переводы слова "КЕҢ-КОЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕҢ-КОЛ"?
Ввойти