КАРКЫРА |
Баарыңарга эп болсо, Бабаңар айткан кеп болсо Күн батыш жагы Ысык-Көл, Ар тарабы бирдей тең, Иледен ылдый айдаса Ат чабуучу жери кең, Ашка ылайык ушу бар, Ар тараптан салаалап Аккан булак суусу бар. Кең Каркыра атагы, Сиркедей шакел чыкпаган Кайнатып алма, тузу бар. Карагай, кайың, тереги, Канчалык жагып жатсаң да Отунга тиер кереги. Ат чабылар жери мол Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков, 3. 77). Саякбай Каралаевдин вариантында: Аты угулат Каркыра, Артыкча башка ошо жер. Мүдүрүлөр аңгек жок, Суу жеген кемер жок, Жилик чагар ташы жок, Сай-сайынан шаркырап, Миңден булак куюлган, Үкүрчүнүн оюна, Үч-Капкактын боюна Кемегени казчуу жер. Керилген өзөн Кеген-Суу, Кең бойлоп атты чапчуу жер, Кең тамаша салчуу жер. Үч-Каркыра өзөнү Аш берүүчү жер ошол (Саякбай Каралаев, 2. 10—11). К-ны Кошой карыя сунуш кылат. Географиялык реалияда азыркы Алматы облусунун түштүк-чыгышындагы Кыргызстанга чектеш аймак. Ө. Караев |
каркыра |
каркыра-турна |
каркыра |
2. Сайманын бир түрү. Жүк үстүнө килем жайдырып, анын үстүнө каркыра сайдырган (Жантөшев). Эндик, упа, каркыра Кыз балага жарашар (Токтогул). |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | каркыра |
Множ. число | каркыралар |
Склонение по падежам - "каркыра"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | каркыра |
Родительный Чей? | каркыранын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | каркырага |
Винительный Кого?, Что? | каркыраны |
Местный Где?, У кого? | каркырада |
Исходный Где?, У кого? | каркырадан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | каркыралар |
Родительный Чьи? | каркыралардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | каркыраларга |
Винительный Кого?, Что? | каркыраларды |
Местный Где?, У кого? | каркыраларда |
Исходный Откуда?, От кого? | каркыралардан |
Найти все переводы слова "КАРКЫРА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАРКЫРА"?
Ввойти