![]() |
КАРАГУЛ |
Кытайча кийинип турса да чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты көргөндө эле кексе К. алардын жоо экенин сезет, Алмамбетке жакындабай алыстан сүйлөшөт, кабар жеткирмекчи болуп, Торайгырын зыргытып жөнөп берет. Алмамбеттен найза жеп жарадар болгон К. Каспаңдын суусунан кечип баратып, атынан шыпырылып калат. Ээси жок келген Торайгырды көргөн Коңурбай жоо келгенин билет (Сагымбай Орозбаков, 4. 278 — 292). Атасынын кунун кууп Семетейдин акыры бир келерин билген Коңурбай жылкысын көргөнү келгенинде К-га «Жылкыны жакшы багыңар, Чалгынды мыктап чалыңар. Кокустан, мага жоо келсе Тезирээк кабар салыңар?!» (Курама варианты, «Семетей», 253),— деп бекеринен эскертпейт. Жол чалып кайтмакчы болгон Семетей К-дун жаман түш көрөсүң деп от жаккан баланы кыйнап өлтүргөнүн көрүп, каарданган боюнча жанындагылардын баарын жайлап, К-дун сакалын такыр жулуп салат. Чуут К. адатынча ак көңүл Семетейди арыдан-бери алдап, атаңдын бир тууганы Жоодар баатырмын деп ишендирет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 63). Алгара деп Семетейди баспаган атка мингизип, өзү Алгараны минип алат да, Коңурбайдын жылкысын тийип алып кетип бараткан Семетейди суудан кечеринде укурук менен башка чабат. Семетейди акмалап жүргөн Тайбуурул куйругун тосо берип ээсин суудан чыгарат. Тайбуурулду минген Семетей К-ду кууп жетип, Алгараны куйруктан алып токтотмок болгондо, куйругу түбүнөн жулунуп калат. К. «Сакалы жок мултуюп, Алгара куйругу жок чултуюп», Коңурбайга барат (Курама варианты, «Семетей», 253—257). Коңурбайдын Таласка жасаган жортуулунда К. Канчоро колдуу өлүм болот. А. Жайнакова |

Найти все переводы слова "КАРАГУЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАРАГУЛ"?
Ввойти